КАТЫРАҢ ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫРАҢ ТООСУ Фергана ойдуңунун түштүгүн­дө. Чыгышында Охна-Тамаша ойдуңу, баты­шында Бели-Сынык тоосу, Кара-Токой–Айдар­кен ойдуңу ж-а Фергана ойдуңунун адырлары жатат. Кадамжай районунун аймагында. Узундугу 44 км, эң жазы жери 8 км, орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери 3375 м (Катыраң чокусу). Палеозой заманында пайда болгон акиташ тегинен, тоо этектери неогендин борпоң чөкмөлөрүнөн турат. Тоонун түндүк бөлүгүнөн байыркы муз каптоонун издери байкалат. Ландшафты бийиктик боюнча өзгөрөт. Капталдарында талаа ж-а шалбаалуу талаа, токой, альп ж-а субальп шалбаа өсүмдүк­төрү өсөт. Жайыт.