КАТЫРАҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫРАҢ – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Катыраң айыл округуна караштуу. Ко­зу-Баглан суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1190 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Исфа­на шаарынан 60 км чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 114 км. Калкы 7295 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларын­да эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, клуб, кесиптик-техникалык лицей, оорукана, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүм­дөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүн­дөрү, базарча, тамактануу жайлары иштейт.