КАТЕГОРИЯЛАР
КАТЕГОРИЯЛАР (ф и л о с о ф и я д а) – чындык ж-а тааным дүйнөсүндөгү көрүнүштөрдүн эң жалпы касиеттерин, катыштарын, мамилелерин чагылдыруучу өзөктүү, фундаменттүү философиялык түшүнүктөр. Категориялар таанымдын ж-а коомдук практиканын тарыхый өнүгүшүн теориялык жалпылоонун натыйжасы катары түзүлгөн. Категория жөнүндөгү окуу Аристотелге таандык, ал бардыгы 10 категория (маңыз, сан, сапат, катыш, орун, убакыт, аракет, жапа чегүү, ээлөө, абал) бар деп эсептеген. Азыркы учурда философтор диалектиканын материя, аң-сезим, кыймыл, убакыт, мейкиндик, маңыз м-н көрүнүш, мүмкүндүк м-н чындык, себеп м-н натыйжа, зарылдык м-н кокустук, мазмун м-н форма, бүтүн м-н бөлүк, сапат м-н сан, каршылык, карама-каршылык ж. б. башкы категориялары аркылуу бүткүл дүйнөнүн маңызын олуттуу түшүндүрүүгө болот деп белгилешет.
Ад.: Левин Г. Д. Философские категории в современном дискурсе. М., 2007.