КАТАРЛАП СЕБҮҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАТАРЛАП СЕБҮҮ – дан эгиндерин себүү ыкмасы. Үрөн 10–25 см катар аралыкта дисктүү же сошниктүү сепкич м-н себилет. Дисктүү сепкичти таштак, нымдуу жерге, сошниктүүсүн майда топурактуу аянттарды айдоодо пайдаланса, үрөн белгилүү тереңдикте, текши себилип, жапырт өнүп чыгат. Катарлап себүүнүн кемчилиги: өсүмдүктөрдүн аралыгы узунунан алганда өтө эле жакын, катарынан алганда алыс өсүмдүктүн азыктануу аянты бир капталы кууш төрт бурчтук (12,5– 15х2 см) болуп калат. Бул кемчиликти кайчылаш себүү аркылуу жоюуга болот.