КАТАЛАУН ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАТАЛАУ́Н ТАЛААСЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ – 451-жылы Франциянын түндүк-чыгышындагы Каталаун талаасында (азыркы Труа шаарынын аймагы) айрым герман уруулары (вестготтор, бургунддар, франктар, аландар) м-н бирге Аэций башкарган рим ж-а хунн аскерлеринин ортосунда болгон согуш. Бул салгылашуу Аттила баштаган хунндардын Галлияга, жалпы эле Европага басып киришин токтотуп, алардын союзун ыдыраткан.