КАСЫМОВ Эркин
КАСЫМОВ Эркин (22. 7. 1941, Чүй облусу, Сокулук району, Орок айылы – 8. 3. 2010, Бишкек) – опера ырчысы (баритон). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1979), Кыргыз ССР эл артисти (1987), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006).


1969-жылы Москвадагы П. Чайковский атындагы консерваториянын алдындагы музыкалык окуу жайды, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун вокалдык бөлүмүн (1981) бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеген, ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин искусство башкармалыгынын жетекчиси болгон (1991–1999). 50дөн ашык операда партияларды аткарган. Негизги ролдору – Риголетто (Ж. Верди, «Риголетто»), Скарпиа (Ж. Пуччини, «Тоска»), Тонио (Р. Леонкавалло, «Паяцы»), Томский (П. И. Чайковский, «Карганын маткеси»), Фигаро (Ж. Россини, «Севильялык чач тарач»), Амансоро (Ж.Верди, «Аида»), Эскамильо (Ж. Бизе, «Кармен»), Манас, Токтогул (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», «Токтогул»), Хан (С.Осмонов, «Сепил»), Сапарбай (Н. Давлесов, «Аста-секин, колукту»). Кыргыз, орус, чет элдик композиторлордун ырларын, романстарын да чебер аткарган. Моңголия Хуралынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Түркия, Моңголия, Кипрде, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө гастролдо болгон.