КАСЫМОВ Эркин

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАСЫМОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫМОВ Эркин (22. 7. 1941, Чүй облусу, Соку­лук району, Орок айылы – 8. 3. 2010, Бишкек) – опера ырчысы (баритон). Кыргызстан Ленин комсо­молу сыйлыгынын лауреаты (1979), Кыргыз ССР эл артисти (1987), Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006).

Риголетто – Э. Ка­сымов. Ж . Верди «Риголетто», 1979.

1969-жылы Москвадагы П. Чайковский атындагы консер­ваториянын алдындагы музыкалык окуу жайды, Б. Бейше­налиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун во­калдык бөлүмүн (1981) бү­түргөн. 1969-жылдан Кыр­гыз мамлекеттик опера жана балет театрында иштеген, ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинин искусство башкармалыгынын жетекчиси болгон (1991–1999). 50дөн ашык опе­рада партияларды аткарган. Негизги ролдору – Риголетто (Ж. Верди, «Риголетто»), Скарпиа (Ж. Пуччини, «Тоска»), Тонио (Р. Леонкавал­ло, «Паяцы»), Томский (П. И. Чайковский, «Кар­ганын маткеси»), Фигаро (Ж. Россини, «Се­вильялык чач тарач»), Амансоро (Ж.Верди, «Аида»), Эскамильо (Ж. Бизе, «Кармен»), Ма­нас, Токтогул (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фе­ре, «Манас», «Токтогул»), Хан (С.Осмонов, «Се­пил»), Сапарбай (Н. Давлесов, «Аста-секин, ко­лукту»). Кыргыз, орус, чет элдик композитор­лордун ырларын, романстарын да чебер аткарган. Моңголия Хуралынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Түркия, Моңголия, Кипрде, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүндө гастролдо болгон.