КАСЫМ ХАНДЫГЫ
КАСЫМ ХАНДЫГЫ – Москва княздары түзгөн уделдик княздык. Ал орустарга кызмат кылууга өткөн татар хандары үчүн атайы түзүлгөн. 15-кылымдын ортосунда Москва улуу князы Василий II Тёмный Алтын Ордо ханы Улук-Мухаммеддин уулу, Казан ханзаадасы Касымхандын урматына Городец-Мещерскийди (Хан-Керман) Касым шаары деп атаган. Касым хандыгы мещера, мордва, татарлар ж. б. жашаган Ока дарыясынын аймагын (азыркы Рязань облусунун түндүк-чыгыш бөлүгү) ээлеген. Касым хандыгынын падышасына орус жарандыгына өткөн, орус падышаларынын жактыруусуна ээ болгон гана татар ак сөөктөрү дайындалган. Касым хандыгынын жеке династиясы болгон эмес. Көп учурда алар ханзаада деген эле наам м-н башкарышкан. Касым хандыгына хандык наам 1570-жылдан баштап бериле баштаган ж-а ар кайсы мезгилде аны Чоң Ордо, Крым, Сибирь хандыктарына тийиштүү династиялардын өкүлдөрү башкарып, ага мусулман Чыңгыз тукуму гана укуктуу болгон. Казан хандыгынын Орус мамлекетине кошулушу (1552) м-н Касым хандыгынын бедели төмөндөп, иш жүзүндө Москва воеводалары башкарып, падыша м-н ханзаадалар аскер кызматындагы жер ээлөөчүлөргө айланган. Иван IVнүн тушунда Касым хандыгы өзүнүн саясий маанисин жоготуп, 1681-жылы өкүмдары Фатами-Султан өлгөндөн кийин биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследования о касимовских царях и царевичах. СПб., 1864; Бартольд В. В. Работы по исторической географии. Собр., Т. 3. М., 1965.