КАСЫЙДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСЫЙДА – чыгыш элдеринин поэзиясындагы жанр. Формалык белгилери: көлөмдүүлүгү (20дан 200 бейтке чейин), аа, ба, ва, да... системасы боюнча уйкашкандыгы (монорифма), үч бөлүктүү композициядан тургандыгы. Адегенде касыйда мак­тоо ыры катары гана белгилүү болсо, 11–12-к­ылымдардан касыйданын философиялык түрү да пайда болгон. Кыр­гыз поэзиясына ислам дини ж-а коңшу түрк эл­деринин көркөм чыгармалары аркылуу кирген деп болжолдонот.