КАСИЕВ Сапаш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАСИЕВ 2 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕВ Сапаш (1932-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак- Суу району, Маман айылы -- 24. 11. 2011, Бишкек) –

биология илимдеринин доктору (1986), профессор (1987), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1993). Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1989). КМУну бүтүргөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын биология институтунда кенже, улук илимий кызматкер (1957– 84), КМУда кафедра башчы­сы (1983–99), КР УИАнын биология ж-а топурак таа­нуу институтунун директору бо­луп (1999–2003) иштеген. 2003-жылдан КР УИАнын зоология музейинин дирек­тору. Эл агартуунун отличниги. Эмгектери куш­тардын мителерин изилдөөгө арналган. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 4 монографиясы бар.

Эмг.: Птицы Киргизии (в соавторстве), 3 том. Ф., 1961; Биологические основы борьбы с вредными грызунами (в соавторстве). Ф., 1968; Пухоеды птиц Средней Азии. Ф., 1971; Фауна и экология пара­зитических насекомых Кыргызстана. Б., 1992; Зооло­гия беспозвоночных животных. Б., 2002; Зоологи­ческий музей НАН Кыргызстана Б., 2006; Красная книга КР (в соавторстве). Б., 2007.