КАСИЕВ Накен

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАСИЕВ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСИЕВ Накен (5. 9. 1947-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы) –

саламаттык сактоо ишмери, коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору (2000), профессор (2004). КРдин эмгек сиңирген врачы (1994). КММИни бүтүргөн (1970). Ош шаардык ооруканасында, Прикарпат аскер округунун (1971–73), Ош шаарындагы 4-башкы баш­кармалыгынын оорукана­сында врач (1973–75), Май­лы-Сай (1975–81), Токмок шаардык башкы башкарма­лыгынын ооруканасында (1981–86) башкы врач, Нарын облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн баш­чысы (1986–89), КРдин саламаттык сактоо ми­нистринин орун басары (1989–91), министри (1991–96), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сак­тоо уюмунун (ВОЗ) Европа региондук бюросу­нун президенти. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990–95). КРдин Мамлекеттик катчысы (1998–2000), Ош облусунун губернатору (2000–05), 2009-жылдан улуттук онкология борборунун директору. Саламаттыкты сактоону уюштуруу боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 моно­графиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» (1998) ж. б. медалдар м-н сыйланган.

Эмг.: Медико-демографическое исследование Кыр­гызкой Республики (1997). Кыргызстан – США. Б., 1988; Здровохранение Кыргызстана (состояние и перспективы развития). Б., 1998. Проблемы репро­дуктивного здоровья женшин в современных условиях (в соавторстве). Б., 2002.