КАРЫНДЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫНДЫЗ (Inula) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу.

Көбүнчө эки, кээде көп жылдык чөп, чанда бадал. Жал­бырагы бүтүн жээк­түү, кезектешип жайгашкан. Себе­ти бирден же бир нечеси биригип, калкандай татаал топ гүлдү түзөт. Гү­лү сары, четкилери тилдей, ортоңку­лары түтүктөй тү­зүлүштө. Жер жү­зүндө 150–200дөй түрү Евразия, Аф­рика ж-а Жер ор­толук деңиз айма­гында таралган. Кыргызстанда 6 түрү белгилүү. Бийик карындыз м-н чоң карындыз медицинада дары катары колдону­лат. Алардын тамыр-сабагында инсулин, эфир майы, полисахариддер бар.