КАРЫМШАКОВ Абдыкадыр
(КАРЫМШАКОВ 1 барагынан багытталды)
КАРЫМШАКОВ Абдыкадыр (1898, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Алмалы-Булак кыштагы – 1979, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры

(1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-жылы Ош облусунун Сузак районундагы Алмалы–Булак колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1946-жылдан жылкычы болуп иштеген. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1948-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. 1947–51-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сыйланган.