КАРТЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТЕР (англ. catter)– машина же механизм­дин (кыймылдаткыч, редуктор, насос ж. б.) кый­мылсыз бөлүгү. Ал негизинен куту түрүндө жа­салып, жумушчу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат ж-а машинаны же механизмди булгануудан сактайт. Мисалы, поршендүү кыймыл­даткычтын картери муунактуу вал, цилиндр ж. б. тетиктердин таянычы болуп эсептелет. Картердин төмөнкү бөлүгү майлоочу майдын чогулткучу ка­тары пайдаланылат. Картер чоюндан, ысытылып иш­тетилген болоттон, жеңил металлдан жасалат.