КАРТЕЛЬ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРТЕ́ЛЬ (фр. саrtel, ит. саrtello, carta – кагаз, документ) – экономикалык ж-а юридикалык жактан бири-бирине көз каранды эмес ишканалардын көбүрөөк пайда көрүү үчүн экономикалык биригүү формасы. Картелге бириккендер өндүрүш көлөмүн жөнгө салуу, бирдей базар бааларын орнотуу, өндүрүлгөн продукцияны өткөзүү, жумушчу күчүн жалдоо ж. б. боюнча макулдашышып, келишим түзүшөт. Картелге кирген бардык ишканалар өзүнүн өндүрүштүк ж-а коммерциялык өз алдынчалыгын сактап калат. Картелге бирдей продукция өндүргөн ишканалар биригет. Картель базар экономикасында монополиялык көзөмөлгө ээ болгондуктан, көбүнчө көмүскө түрдө түзүлөт. Алар көбүнчө кыска убакытка түзүлүп, туруксуз болот.