КАРРАЧЧИ
КАРРА́ЧЧИ (Carracci) – италян сүрөтчүлөрдүн үй-бүлөсү. Академизм өкүлдөрү. Лодовико Карраччи (19. 4. 1555, Болонья – 13 же 14. 11. 1619, ошол эле жер) жана анын ата өтүшкөн туугандары Агостино Карраччи (15. 8. 1557, Болонья – 22. 3. –1602, Парма) жана Аннибале Карраччи (3. 11. 1560, Болонья – 15. 07. – 1609, Рим) менен бирге Коррежо – Микеланжело жана Тинторетто жана башкалардын ыкмаларын колдонуу менен өз стилин жаратышкан. Болонья шаарында академиялык искусствонун принциптерин иштеп чыгууда маанилүү роль ойногон «Туура жолго түшкөндөрдүн академиясын» түзүшкөн (1585-жыл чен). Алтардык сүрөттөрдүн монументтик композициясы боюнча жарашыктуу жана колорити боюнча шаңдуу жаңы түрүн жаратышкан («Мадонна

Баржеллини» – 1588; «Марияны даңазалоо» – 1592). Бир тууган Карраччилердин чыгармачылыгы XVII кылымдагы Европа искусствосунда 2 негизги багыттын – барокконун жана классицизмдин калыптанышына таасирин тийгизген.