КАРОТАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРОТА́Ж (фр. сarotte – сабиз) – жер кырты­шынын терең бөлүгүндөгү тоо тек катмарларын ж-а пайдалуу кендерди аныктоо үчүн бургулоо көзөнөктөрүндө (скважинада) жүргүзүлүүчү гео­физикалык ыкма. Негизинен тектердин литологиялык, пет­рографиялык өзгөчөлүктөрүнө, физикалык касиеттерине негиз­делген. Мында геофизикалык аспаптар кабель м-н кө­зөнөккө түшүрүлүп, тоо тектеринин касиеттерине байланыштуу маалыматтар алынат. Маалымат автомашинага орнотулган аппаратка диаграм­ма же сан түрүндө берилет. Аны анализдеп, тоо тектерди катмарларга бөлүүгө болот. Тоо тек­тердин физикалык касиеттерине жараша каротаж ыкмасы төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: 1) электр каротажы тоо тектердин электр өткөрүү касиеттерин, каршы­лык көрсөтүүлөрүн, табигый электр токторун аныктайт; 2) радиоактивдүү (ядролук) каротаж тоо тек­теринин табигый радиоактивдүүлүгүн, нейтрон­дордун тыгыздыктарын экинчи жолу пайда бо­луучу гамма нурларды изилдейт; 3) терм каротажы бургулоо көзөнөктөрүндөгү температураны өлчөйт; 4) акустикалык (ультра үн) каротажы тоо тектеринде үн толкундарынын таралуу ылдамдыктарына ж-а алардын жок болуп кетишине байкоо жүр­гүзөт; 5) магниттик каротаж тоо тектеринин магнит­тик касиеттерин, табигый магниттүүлүктөрдү иликтейт. Каротаж жүргүзүү м-н бургулоо көзөнөгүн­дөгү тоо тектердин катмарлары салыштырылат. Литологиялык курамы, калыңдыгы аныкталат. Пайдалуу кендердин (нефть, газ, көмүр, кенташ, курулуш материалы ж. б.) өлчөмү, саны эсепте­лет. Нефть, газ иштетүү жумуштары көзөмөлгө алынат. Нефть м-н газ кендерин изилдөөдө, те­рең бургуланган көзөнөктөр боюнча геологиялык докумен­тация жүргүзүүдө зор роль ойнойт.