КАРООЛ-ДӨБӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРООЛ-ДӨБӨ – Чүй облусунун Кемин районундагы кыштак. Көк-Ойрок айыл округуна караштуу.
Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кемин шаарчасынан 55 км чыгыш тарапта. Кыш­так 1924-жылы негизделген. Калкы 1543 (2022); не­гизинен жашылча, картөшкө өстүрүп, мал багат. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.