КАРНАЛЛИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРНАЛЛИ́Т (немис геологу Р. Карналлдын атынан) – хлориддер тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы KCl.MgCl .6H O. Кошундулары: коргошун, цезий, бром Ромб системасында кристаллданат. Өңү ак, саргыч күрөң, кызгыл-

тым. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 2,5. Салыштырма салмагы 1,6. Сууда жакшы эрийт. Нымдуу абада эзилет. Ачуу туз даамы бар. Калий тузунун жер семирткич үчүн колдонулуучу негизги минералы. Магний кенташын пайда кылат.