КАРМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КА́РМА (санскритче karma – иш) – инди дининде (индуизм, буддизм, брахманизм, жайнизм) ж-а философиясында негизги түшүнүктөрдүн бири, сансара түшүнүгүн толуктайт. Кеңири мааниде – ар кандай эле тирүү жандык жасаган кылык-жоруктардын ж-а алардын натыйжаларынын суммасы, ошондой эле тирүү жандын жаңыдан төрөлүү ж-а бөлөк түргө өтүү мүнөзүн аныктайт. Тар мааниде – жасаган иш-аракеттердин учурдагы ж-а андан кийинки жашоонун мүнөзүнө тийгизген таасири.