КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ
КАРЛУК МАМЛЕКЕТИ – 766-жылы Түргөш кагандыгынын кыйрашынан улам пайда болгон мамлекеттик бирикме. Жети-Суу, Түндүк Тянь-Шань аймагында түзүлүп, 940-жылга чейин жашаган. Карлуктар оболу Батыш Алтай, Кара Иртыш д-нан Балхаш көлүнө чейинки аймактарды мекендешип, 766-жылы Тараз м-н Суяб шаарларын басып алышкан. Натыйжада Кашкар, Фергана, Жети-Сууну кучагына алган мамлекет түзүлгөн. Борбору башында Суяб болуп, кийин Иле боюна көчүрүлгөн. Мамлекет башчысы алгач жабгу, 840-жылдан кийин каган деп аталган. 8–10-кылымдарда Балхаш м-н Ысык-Көлдүн, Иле м-н Талас өзөндөрүнүн бойлорун жердешкен. Тибеттиктер м-н союз түзүп, Орто Азиядагы согду ж-а түрк урууларын колдоп, араб баскынчыларына каршы күрөшүшкөн. 861-жылы Кашкарды каратып алышкан. 904-жылы Карлук мамлекетинин аскери Мавереннахрга жортуул жасап, жеңилип калган. Караханид мамлекетинин түзүлүшү м-н Карлук мамлекетинин жашоосу токтогон.
Ад.: История Ат-Табари. Таш., 1987; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Сыздыков К. М. Карлык мамлекетинин тарыхы. А., 2000; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана/ Сост. Жуманалиев Т. Т. 1. Б., 2007.