КАРЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЛ I Улуу (лат. Carolus Magnus) (2. 4. 742– 28. 1. 814, Ахен) – Франк королу (768-жылдан),

императору (800). Каролинг династиясы Карл Iнин ысмынан аталган. Көптөгөн жортуулдардын на­тыйжасында лангобарддар (773–774, 776–777), бавар герцогу Тассилон (788), сакстар (772–804), испаниялык арабдар (778–779, 796–810), авар­лар (791–799), славяндар (789–806) м-н согушуп, зор империя түзгөн. 800-ж. Рим папасы Лев III Карл Iге император таажысын кийгизген. Карл I өз мамлекетинин чек араларын бекемдеп (марка­ларды түзүү), империяда өз бийлигин борбор­доштурган. Карл I «мамлекеттик элчилер» аркы­луу графтардын иштерин текшерип турган. Ка­толик чиркөөсүнө таянып, чиркөө кызматкер­лерине жогорку кызматтарды, кеңири укуктар­ды берген. Епископтордун дайындоолоруна кий­лигишип, басып алган жерлердин элин зордоп

Карл I Улуу. Коло статуэтка. 9-кылым. Лувр. Париж.

христиан динине киргизген. Анын саясаты Ба­тыш Европада феодалдык мамилелердин калып­танышына таасир тийгизген. Карл Iнин учурунда франк мамлекетинде маданияттын кээ бир тармак­тары өнүккөн. Карл Iнин империясы 843-жылы кула­ган.