КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРКЫРА ЖАРМАҢКЕСИ – XIX кылымдын 2-жарымы – XX кылымдын башындагы Жаркент жана Пржевальск (азыркы Ысык-Көл облусу) уезддерине тийиштүү Каркыра жайлоосундагы Каркыра өзөнүнүн боюнда (азыркы Алматы облусу, Кеген ооданы) июнь, июль, август айларында өткөрүлчү соода-сатык. Бул жерге орус өкмөтү тарабынан атайын үйлөр тургузулган. Жарманкесин Кытай, Россия жана Борбордук Азиянын (өзбек, тажик, түркмөн, казак, кыргыз) соодагерлери товарларын, Кеген, Каркыра, Ийри-Суу, Кең-Суу аймактарын жайлаган элдер малын сатып, азык-түлүк, кийим-кечек жана башкаларды алышкан.