КАРИМОВА Бурул Каримовна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРИМОВА Бурул Каримовна (1939-жылы туулган, Ош облусу, Алай району, Будалык айы­лы) – биология илимдеринин доктору (1997), профессор (1998), КРдин билим берүү­сүнө эмгек сиңирген ишмер (1997). ОшПИни (1962), Өзбек ССР ИАнын (Ташкент шаары) ботаника ж-а микробиология ин­ститутунун аспирантура­сын бүтүргөн (1973). ОшМУда окутуучу, доцент , кафедра башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан Ош МУнун кадрларды кайра даярдоо институтунун ди­ректору, Ош технология университетинде кафедра баш­чысы, 2003-жылдан декан. Ботаника ж-а эко­логия боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монографиясы, 5 окуу китеби бар.

Эмг.: К вопросу об охране редких и исчезающих видов Южной Киргизии. Пермь, 1983; Төмөнкү өсүмдүктөрдүн систематикасы. 1–2 бөлүк. Ош, 1990, 1994; Поясное распределение водорослей по водоёмам юга Кыргызстана. Б., 1996; Альгофлора водоемов юга Кыргызстана. Б., 2002.