КАРДИНАЛЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРДИНА́ЛЕ Клаудия (өз аты-жөнү Клод Жозе­фин Розе) (15. 4. 1939-жылы туулган, Тунис – 23. 09. 2025. Немур, Франция ) – италян кино­актрисасы. Тунисте 18 жашында улуттук сулуулар сынагында жеңишке жетишип, 1957-жылы үй-бү­лөсү менен Италияга келген. 1957–1958-жылдары Римдеги эксперименттик кино борбордо окуган. Кинодо 1957-жылдан («Алтын чынжырлар», Франция). Режиссёр М. Болоньинин «Сулуу эркек», (Франция, 1960) жана «Ла Виачча» тасмасы актрисага чоң ийгилик алып келген. Анын чыгармачылыгында Л. Висконтинин «Рококо жана анын бир туугандары» (1960), «Кабылан» (1962), «Чоң Жети­гендин тумандуу жылдыздары» (1965), «Ин­терьердеги үй-бүлөлүк портрет» (1974) жана режиссёр Ф. Феллининин «Сегиз жарым» (1963) тасмаларындагы ролдору көрүнүктүү орунду ээлеген. 1969-жылы советтик-италиялык «Кызыл чатыр» (режиссёру М. К. Ка­латозов) тасмасына тартылган. П. Скуитьери­нин «Темир префект» (1977), «Корлеоне» жана «Курал» (1979), «Кларетта» тасмаларында жөнөкөй италян аялдын образын чебер ачып берген.

К. Кардинале жана А. Делон «Кабылан» тасмасында.

1990–2000-жылдары Парижде жашап, киного («Алар­дын аты-жөнү... каракчылар», «Анда эмесе...мырзалар жана айымдар жана башкалар», «Жарым күндүк жин») жана телесериалдарга тартылган («Ност­ромо», «Оттуу чөл» жана башкалар).