КАРБЮРАТОР
КАРБЮРА́ТОР (фр. carburateur) – суюк отун (бензин, керосин ж. б.) ж-а абадан пайда болгон күйүүчү аралашманы даярдап, аны ичинен күйүүчү кыймылдаткычка үлүштөп берүүчү жабдуу. Карбюратордогу күйүүчү май чачырап, аба м-н аралашып, бууланат да, пайда болгон аралашма кыймылдаткычтын цилиндрлерине берилет.

Анда аралашма тез ж-а толук күйүп, аба кысылганда поршендер иштейт. Күйүүчү аралашманы даярдоо к а р б ю р а ц и я деп аталат. Цилиндрлерге келүүчү күйүүчү аралашманын саны дросселдик тоскуч аркылуу жөнгө салынат. Карбюратордун ар кандай иштөө тартибинде күйүүчү аралашманын керектүү сапатын автоматтык жөнгө салгыч-өлчөгүч жабдуу камсыз кылат. Бул учурда цилиндрге кирген абанын өлчөмү дроссель клапаны аркылуу жөнгө салынып, күйүүчү майдын бүркүү учуру электрондук жабдуу менен аныкталат.