КАРБОНАТТАР
КАРБОНАТТАР – көмүр кислотасынын (Н2СО3) туздары. Алар орто (К2СО3, Na2СО3, СаСО3), кычкыл (КНСО3) ж-а негиздик [Сu(ОН)2СО3] болуп бөлүнөт. Щелоч ж-а щелочтуу жер металлдарын, аммоний ж-а таллийдин орто карбонаттары гана сууда эрийт. Эритмелери негиздик касиетке ээ. Карбонаттар ысытуудан ажырайт. Мисалы, CaCO3=СаО+CO2. Гидрокарбонаттар ысытканда, орто карбонаттарга айланат: 2NaНСО3=Na2СО3+Н2О+СО2. Жаратылышта орто карбонаттар кеңири таралган. Zn, Рb, Сu, Fе ж. б. сыяктуу металлдардын карбонаттары – баалуу металл кендери. Алардын ичинен СаСО3 – кальцит, МgСО3 – магнезит ж. б. курулушта, химия өнөр жайында, отко чыдамдуу материалдарды алууда колдонулат. Синтезделген карбонаттардан сода (Nа2СО3 ж-а NaНСО3) техникада кеңири колдонулат. Гидрокарбонаттар буфердик зат болуу м-н физиологиялык мааниси да чоң. Карбонаттар жаратылышта минералдар түрүндө кеңири таралган. Алардын негизгилери: кальцит СаСО3, магнезит МgСО3, сидерит FеСО3, родохрозит МnСО3, смитсонит ZпСО3; витерит ВаСО3, стронцианит SrСО3, церуссит РbСО3 ж. б. Карбонаттар ачык түстө; жез карбонаты гана жашыл-көгүлтүр түстө болот. Бардык карбонаттар туз ж-а азот кислотасы м-н кошулганда көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Негизги өкүлдөрү (кальцит, доломит, сидерит) чөкмө түрүндө деңиз түбүндө пайда болот да, калың катмарларды түзөт. Карбонаттар Кыргызстанда өтө көп, негизинен химия, цемент, өнөр жай үчүн сырьё ж-а курулуш материалы (акиташ, мрамор) катары колдонулат.