КАРАЧАЙЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАЧАЙЛАР (өздөрүн карачайлыла деп ата­шат) – Карачай-Черкестин жергиликтүү калкы. Россия Федерациясы, Орто Азия (анын ичинде Кыргызстанда – (2200), Казакстан, Түркия, Египет, Сирия, Америка Кошмо Штаттарында да жашашат. Жалпы саны 300 миң киши, анын ичинде 169, 2 миңи Карачай-Черкесте (2002). Карачай-балкар тилин­де сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-­сунниттер. Карачай элинин калыптануусуна (XIII–XIV кылымдар) жергиликтүү тоолуктар, аландар, кыпчактар, булгарлар катышкан. 1828-жылы Россиянын кура­мына кирген. 1920-жылы Карачай округу, 1922-жылы Карачай-Черкес автономдук облусу, 1926-жылы Карачай автономдук облусу тү­зүлгөн, бирок 1943-жылы Карачай автономдук облусу жоюлуп, карачайлар күч менен өлкөнүн чыгыш аймактарына көчүрүлгөн.

1957-жылы гана Карачай-Черкес автономдук облусу ка­лыбына келтирилип, карачайлар кайрадан мекенине кай­тып келишкен. 1991-жылы Карачай-Черкес республикасы түзүлгөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Эркектери көйнөк, ыштан, беш­мант, черкеска, кой терисинен тигилген тон, башлык, папах кийишип, белдерине кур кур­чанып, бычак, канжар тагынышкан. Аялдары жеңи узун, кенен тигилген туника сыяктуу жибек көйнөк, узун шаровар, кооздолуп жасал­ган баш кийим кийип, үстүнөн жоолук салын­ган. Тамак-ашы негизинен эт, дан, сүт азыкта­ры. Суусундук катары чай, айран, майрам күндөрү бозо, сыра кеңири колдонулат.