КАРАЧ АКЕ
(КАРАЧ АКЕ Мендегул уулу барагынан багытталды)
КАРАЧ АКЕ , Карач Мендегул уулу [1837, туулган жери белгисиз – 1914, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу (азыркы Ысык-Көл) облусу, Пржевальск уезди (азыркы Ак-Суу району), Чолок айылы – Ысык-Көл өрөөнүнөн чыккан 7 акенин бири; чечен. Калыстыгынан тайбаганы үчүн бир нече жолу болуш болуп шайланган. Уруулар аралык чыр-чатак, жаңжал-доолорду калыс карап, туура чечкендиктен, ал чечен Карач аталган. Карач акенин теги калмак экени, олжого түшүп, Шапак баатыр асырап алганы тууралуу аңыз кептер айтылат.
К. Асанбеков.