КАРАТАЕВ Олжобай
КАРАТАЕВ Олжобай Кубатбекович (23. 08. 1963, Ош облусу, Сузак району, Орто Азия кыштагы) – тарых илимдеринин доктору (2004), профессор (2009). 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1990–1993-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясында илимий кызматкер, 1993–2009-жылдарда Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых факультетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын башчысы, 1-проректору. 2009-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучусу. Кыргыз элинин теги, келип чыгышы, кыргыз жазуу маданиятынын тарыхы, эн тамга белгилери ж-а алардын байыркы этностук башаты, эл катары калыптануу этаптары ж. б. боюнча изилдөөлөрү бар. 100дөй илимий эмгектин (анын ичинде 5 монография, 7 окуу-методикалык колдонмо) автору.
Эмг.: Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан. Б., 2003; Кыргыз этнонимдер сөздүгү. Б., 2003; Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк (авторлош). Б., 2005.