КАРАСАРТОВА Койсун

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРАСАРТОВА барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
К. Карасартова жана С. Андабеков, эл ыры «Кыздар ай». 1982.

КАРАСАРТОВА Койсун (1926, Нарын облусу, Ат- Башы району, Кара-Суу айылы – 9. 5. 2009, На­рын шаары) – драма артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1997). Нарын театрында (1940–1949), М. Баетов атындагы маданият үйүндө (1949–1951), Ысык-Көл (1951–1961), Нарын (1961-жылдан) драма театр­ларында иштеген. К. Карасартова ар түр­дүү жанрдагы спектаклдер­де көптөгөн образдарды жа­раткан.

Аткарган ролдору: Гүлгаакы (К. Жантөшев,«Курманбек»), Шалтаке (К. Маликов, «Алмашым»), Айкүмүш (Ж. Садыков, «Таабалды Пудовкинди эскерип»), Парчагүл (С. Ко­жониязов, «Сүйбөгөнгө сүйкөнбө»), Келин (Ж. Абдыкадыров, «Жүрөгүм менин тоолор­до»), Бакыттын эжеси (С. Раев, «Күн кармаган бала»). Карасартова ырчы катары да белгилүү. Кыргыз, казак, өзбек, уйгур ырларын С. Андабеков менен бирге чебер аткарган. Медалдар менен сый­ланган.