КАРАСАРТОВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАСАРТОВ Абдылда (9. 5. 1935, Жети-Өгүз району, Барскон кыштагы –15. 2. 1994, ошол эле жер) – тоо өткөөлчүсү, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Каменск (1958–61) ж-а Волков (1962–63) геологиялык экспедицияларынын өткөөлчүсү. 1963–86-жылдарда Кыргыз ССР геология башкармалыгынын Үч- Кошкон, Сары-Жаз экспедицияларында өткөөлчү, өткөөлчүлөр бригадири. Кыргызстанда табылган калай кендерин геологиялык чалгындоо жумуштарына активдүү катышкан. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.