КАРАНДАШ (сүрөт тартуу үчүн)
(КАРАНДАШ Сүрөт тартуу барагынан багытталды)
КАРАНДА́Ш (түркчө кара жана таш – даш) – жазуу, сүрөт тартуу, чийүү үчүн көмүрдөн, коргошундан, графиттен же кургак ныкталган боёктон ичке таякча түрүндө (көбүнчө жыгач же металл кутучада) жасалган өзөк. Италия карандаштары XV кылымдан белгилүү. XVIII–XIX кылымдарда карандаш графит минералы менен топурактын өзгөчө сортунун ар кандай катуулук даражасындагы кошундусунан турган. Азыр көбүнчө күйгүзүлгөн сөөктүн суу май желими менен катырылган күкүмүнөн жасалат. Cангина жана пастель таякчалары да карандаш деп аталат.