КАРАНДАШ (Михаил Николаевич Румянцев)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАНДА́Ш (өз аты-жөнү – Михаил Николае­вич Румянцев) (24. 11. 1901, Санкт-Петербург – 31. 3. 1983, Москва) – цирк артисти. CCCР эл артисти (1969), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1979). 1930-жылы цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. Алгач Ч. Чап­линди туурап ойногон. 1934–1935-жылдары Ленинград циркинде француз карикатурист-сүрөтчү Каран д᾽ Аштын ысмын ылакап ат кылып алып, жаңы образдарды жараткан. Карандаштын каарманы – чоң эле киши, бирок анын бала кыял жана шайыр мүнөзү артистке күлкүлүү кырдаал түзүп, трюк­тарды ишенимдүү аткаруу үчүн мүмкүнчүлүк бер­ген. Карандаш акробат, гимнаст, жонглёр, дрессиров­щиктердин номерлерине катышкан. 1946-жыл­дан тартып клоун тобун жетектеген. Анын ша­кирттери: Ю. Никулин – М. Шуйдин жана башкалар. Карандаш кино тасмаларга да тартылган («Карандаш муз үстүндө» жана башкалар). Чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Мамлекеттик цирк жана эстрада өнөрү окуу жа­йына ысмы берилген, Ленин ордени менен сый­ланган.

Карандаш аренада.