КАРАКУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКУР (Lyrurus tetrix) – куштардын тоок сымалдар түркүмүнүн каракурлар тукумунун уруусу. Дене узундугу 53–57 см, салмагы 1,2–1,8 кг. Эр­кеги кара, куйругу эки ача, сыртын карай ийи­лип турат. Мекияны боз чаар. Эки түрү (кадимки ж-а кавказ каракуру) бар.

Кадимки каракур Азия, Ев­ропа токойлорунда, 40–50 жыл мурда Кыргызста­нда Тескей ж-а Күнгөй Ала-Тоо кыркаларын­дагы карагай, бадал аралаш салкын токой­лордо тараган. Түрдүү өсүмдүктөр ж-а курт-­кумурскалар м-н азык­танат. Каракур бири-биринен обочо жерге уялап, 9–14 жумуртка тууйт, 19–25 күн басып чыгарат. Бул түрдүн саны жылдан жылга азаюуда. 1975-жылдан Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Кавказ каракуру – Кавказ тоо­лорунун эндемиги.