КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ (Ак-Суу ж-а Түп райондорунун аймагында)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАКОЛ ӨРӨӨНҮ Түндүк Теңир-Тоодо, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында, Каракол суусу аккан багыт боюнча түштүктөн түндүккө карай 35 кмге созулат. Ак-Суу ж-а Түп райондорунун аймагында. Таманынын жазы жери 3–4 км (Каракол шаарынын түштүгүндө), кууш жери 700– 1000 м, таманынын басымдуу бийиктиги 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен

пайда болгон. Өрөөндүн башы тепши сымал, анда ири мөңгүлөр бар. Караколдун ортоңку ж-а төмөнкү бөлүгү кууш, капталдары бир аз жантайыңкы капчыгайды түзөт; тоо капталдарында ири карагай токойлору кездешет. Өрөөндүн ландшафтында шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа алкактары басымдуу. Өрөөндүн тоодон чыга беришинде Каракол шаары орун алган. Жайыт; илимий ж-а рекреациялык мааниси чоң.