КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАКОЛ ЧОПО КЕНИ Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Челпек кыштагынан 3 км түштүктө, Каракол суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1800–2000 м бийикте. 1987–1991-жылдары «Кыргыз курулуш материалдары» концернинин тоо-геологиялык партиясы чалгындаган. Кен аянты калыңдыгы 1,7–20 м келген төртүнчүлүк мезгилиндеги кумайлуу чопо катмарынан турат. Кумайлуу чопо саргыч-боз түстө, тыгыздыгы жетишерлик гипстешкен. «100», «125» маркадагы кыш алууга жарамдуу. Кору В категориясы боюнча 582 миң м3, С – 2107 миң м3.