КАРАЕВ
КАРАЕВ Өмүркул [1930, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Чүй району, Сайлык кыш – 19. 9. 2002, Бишкек] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1984), профессор (1994). 1953-жылы КМУну бүткөн. 1952– 58-жылдарда Ош облусунун мектептеринде мугалим, 1963–87-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда кенже, улук, жетектөөчү илимий кызматкер, сектор башчысы, 1987–94-жылдарда кол жазмалар ж-а жарыялоо бөлүмүнүн башчысы, 1994–2002-жылдарда сектор башчысы болуп иштеген. Эмгектери байыркы ж-а орто кылымдагы кыргыз тарыхынын маселелерине, анын ичинде Моголстандын тарыхын изилдөөгө арналган ж-а кыргыз элинин этнос болуп түзүлүшү, анын тарыхый хроникаларын аныктоодо сунуш кылган жаңы көз караштары бир топ талаш маселелерди чечүүдө маанилүү болуп эсептелет. Караев– кыргыз илимпоздорунун ичинен алгачкы араб таануучу. 50дөн ашуун илимий эмгектин (4 монография, 1 китеп) автору.
Эмг.: Арабские и персидские источники IX–XII вв. о киргизах и Киргизии. Ф., 1968; Арабо-персидские источники о тюркских народах. Ф., 1973; История Караханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983; Чагатайский улус, государство Хайду, Моголистан. Б., 1994.