КАРАГОЙ МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАГОЙ МӨҢГҮСҮ – Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Араван-Сай суусунун алабында. Узундугу 7,2 км, аянты 4,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4800 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4200 м. Абляциясынын аянты 3,5 км2. «Тили» морена чөкмөлөрү м-н туташ капталган. Мөңгүдөн Кыргыз-Атанын башаты – Карагой суусу башталат.