КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГАЙ-БУЛАК АКИТАШ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Жел-Аргы акиташ заводунан 40 км түндүк тарапта, Кастек тоосунун түштүк кап­талындагы Карагай-Булак суусунун боюнда, де­ңиз деңгээлинен 2600 м бийикте жайгашкан. Кен 1959–63-жылдарда геологиялык карта түзүүдө ачылган. 1964-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындап, запа­сын аныктаган. Кен аймагында палеозой зама­нынын алгачкы мезгилиндеги акиташ, аргил­лит, сланец, граувак кумдуктары ж-а конгло­мерат жатат. Кен синклиналдык түзүлүштө, тек­тоникалык майда жаракалар м-н тилмеленген аки­таш тегинен турат. Катмардын калыңдыгы 325 м, узундугу 2,7 км. Технологиялык сапаты боюнча цемент даярдоого жарактуу ж-а 1-сорттогу аки алса бо­лот. Баланстык запасы 11748 миң т (1975). Кен азырынча казылбайт.