КАРА ШАКЫЛДАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ШАКЫЛДАК (Aquila heliaca) – бүркүттөр тукумундагы куш. Узундугу 80 смдей, канатын жай­ганда 2 мге жетет. Чанда жолугуучу, көчүп жү­рүүчү куш. Кээ бир маалыматтарга караганда кара шакылдактын Ысык-Көлдө, Кыргыз Ала-Тоосунда ж-аТалас өрөөнүндө уя­лаганы белгилүү. Кө­бүнчө сейрек дарак­туу, ачык жерлерди мекендейт. Ал бар­дык ачык талаалар айдалгандыктан, башка тынч жерге ооп кетүүгө мажбур болгон. Кара шакылдак эски уясын пайдаланат.

1–3 жумуртка тууйт. Кара шакылдак көбүнчө айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келти­рүүчү ж-а оору жугузуучу кемирүүчүлөр м-н азык­танып, пайда келтирет. Саны азайгандыктан, 1975-жылдан коргоого алынып, Кыргызстандын Кы­зыл китебине катталган.