КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КЫТАЙ МАМЛЕКЕТИ (1130–1213) – Кашкар, Жети-Суу, Түштүк Казакстан ж-а Маве­раннахрдын чыгыш аймагындагы мамлекет. Түндүк Кытайдагы Ляо мамлекетин чжурчжендер талкалагандан (1125) кийин, анын өзөгүн түзгөн кара кытайлардын (кидан) бир бөлүгү Елүй Да­шинин жетекчилиги м-н Моңголияга кетип, ал жерде Бей Ляо (Түн. Ляо) мамлекетин негиз­дешкен. 1128-жылы анын аскери Кашкарга кол сал­ган ж-а 1130-жылы Караханид мамлекетин басып алып, Елүй Дашинин тушунда (1130–43) Кара Кытай мамлекети кубаттуу державага айланган. Бул учурда анын ээлиги Бешбалыктан Бухара, Самаркандга че­йин жетип, Баласагун шаары борбору болгон. Кара Кытай мамлекетине азыркы Түндүк Кыргызстан гана баш ийген. Калкы ислам, ошондой эле несториан, буддизм, теңир­чилик ж. б. диндерди туткан. 1198-жылы афганстан­дык гуриддердин катуу соккусунан Кара Кытай мамлекети алсы­рай баштаган. 1210-жылы Чыңгыз хандан жеңил­ген найман ханынын уулу Күчлүк Жети-Сууга келип, Кара Кытай мамлекетинин гурханы Чжилугудунун ише­нимине кирген. Бирок 1212-жылы козголоң чыга­рып, анын тактысын тартып алган. 1218-жылы моң­голдор басып алгандан кийин, Кара Кытай мамлекети бирото­ло жоюлган.


Ад.: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья. М., 1963. Соч., Т. 2. Ч. 1; Караев О. История Кара­ханидского каганата (X – начало XIII вв.). Ф., 1983.