КАРА КУШ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА КУШ (Aquila rapax) – шакылдактар тукумундагы алгыр куш. Бүркүткө окшош бирок андан кичине. Дене узундугу 80 смге, канатын жайганда 1,5 мге жетет. Кыргызстандын аймагында чанда, учуп өткөн учурда гана жолугат. Ачык талааны мекендейт. Майда куштар ж-а кемирүүчүлөр м-н азыктанат. Кара куш жылдан жылга азаюуда. 1975-жылы Кыргызстанда жок болуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесине катталып, коргоого алынган.