КАРА-ШАЛТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ШАЛТА – Чүй облусунун Сокулук районун­дагы кыштак. Күнтуу айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 918 м бийикте жайгашкан. Район­дун борбору Сокулук кыштагынан 15 км түштүк-чы­гыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 13 км. Калкы 371 (2022); негизинен дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Негизги мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.