КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ (Түркстан кырка тоосу­нда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТӨР МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосу­нун түндүк капталындагы терең төрдөгү мөңгү. Исфара суусунун алабында. Узундугу 6,6 км, аянты 10,8 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5480 м, этеги 3360 м бийикте жатат. Кар чегинин би­йиктиги 3820 м. Абляциясынын аянты 4,0 км2. Мөңгүдөн Телинген суусунун оң куймасы – Миң-Теке агып чыгат.