КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ТЕКТИР КӨРҮСТӨНҮ – биздин замандын I–VI кылымдарындагы хунн урууларынан же усундардан калган дөбө-мүрзөлөр. Кетмен-Төбөдөгү Көөдүл кыштагынын жанында жайгашып, 350дөн ашык мүрзөдөн турат. Казанактуу 80 мүрзө изилденген. Алардан карапа, жыгач идиштер, койдун жамбаш жана куймулчак сөөктөрү, бычак, жаа, темир учтуу жебелер, темир тогоо, акак таш чөгөрүлгөн алтын сөйкө табылган. 1959, 1964–1965-жылдары археолог Ы. Кожомбердиев казып, изилдеген.