КАРА-ТАЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-ТАЛ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Баш-Кайыңды айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 2140 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 22 км түштүк тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 262 км. Калкы 930 (2009); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана бар. Байланыш бөлүмү, ФАП иштейт.