КАРА-СУУ КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-СУУ КОРУКЧАСЫ – Аксы районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Ат-Ойнок кыр­ка тоосунун түштүк-батыш капталында, Кызыл- Суу, Түндүк сууларынын (Кара-Суунун сол куй­малары) алаптарын ээлейт. Аянты 62,6 миң га. Азайып бараткан доңуз, элик, тоо эчки, улар, чүткөр ж. б. жапайы жаныбарларды коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.