КАРА-СУУ (Тогуз-Торо районундагы кыштак)
(КАРА-СУУ 4 барагынан багытталды)
КАРА-СУУ – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна караштуу. Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1275 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 3 км түндүк тарапта. Көк-Жаңгак темир жол бекетинен 120 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2091 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет.