КАРА-САН КОРУКЧАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-САН КОРУКЧАСЫ – Лейлек районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Түркстан кыр­ка тоосунун түндүк капталында, Лейли-Мазар, Жети-Көпүрө, Өрөм сууларынын алабындагы тоо капталдарын ээлейт. Аянты 15,0 миң га. Азайып бараткан доңуз, чүткөр, элик, тоо эчки, улар ж. б. жаныбарларды коргоо ж-а көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.